Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Сузактык дарыгер Ү.Алишов 4 жылдан бери Шамалды-Сайда адам өмүрү үчүн күрөш жүргүзүп келет (фото)

Turmush -  Сузактык 31 жаштагы Үсөн Алишов 4 жылдан ашуун убакыттан бери Шамалды-Сай шаардык дарыгерлер борборунда хирург болуп эмгектенүүдө. Аймактык кабарчы дарыгерден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Сузак районунун Спасовка айылында өскөн. 2004-жылы Жалал-Абад шаарындагы медициналык колледжде билим алып баштап, аны яктагандан кийин борбор калаада окуган. Эмгек жолун Жалал-Абад шаарындагы биргелешкен ооруканада баштаган. Аз убакыттан кийин 2013-жылы Шамалды-Сай шаарчасындагы дарыгерлер борборуна 3 жылдык мөөнөткө келгенин кошумчалады.

«Бул жерде менден жашы бир топ улуу, тажрыйбалуу хирургдар менен бирге иштешип жатам. Шамалды-Сай шаарчасы Ош — Бишкек автожолунун жээгинде болгондуктан, көп учурда жол кырсыгынан жабыркаган оор акыбалдагы бейтаптар келет. Бизге жумуш убактысы бүтүп, үйгө барып эми эс алып отурган кезде же жолдо бара жаткан кезде жумуштан коңгуроо келет. Андай учурда бейтаптын өмүрүн сактап калууга ашыгып келебиз. Операциядан чыгып алып, үйгө барбай жумушта уктап калган күндөр көп кездешет», - деди ал.

Дарыгер буга катар эле, ооруканада кадрлар жетишпей турганын кошумчалады.

«Биздин ооруканада адистер жетишсиз болгондуктан четте карап туруу кыйын экен. Ошондуктан дартын түшүнсөм бардык бейтаптарды карай берем. Эгер бейтаптын абалы оор болсо дарыгерди чакырам. Ошондуктан кадр маселесин да чечип беришсе деп суранар элем. Мен жумушумду сүйөм. Нөөмөттө турган кезде ар кандай адамдар келет. Алар менен жакындан сүйлөшүп, дартына даба табууга аракет кылам», - деди хирург.

Аталган дарыгерлер борбору шаарчадагы 11 миңден ашуун калкты гана тейлебестен, Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагынын, мындан сырткары Ноокен районуна караштуу Достук айыл аймагынын калкын, жалпылап айтканда 40 миңге жакын адамды тейлеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1159
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×