Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Видео, фото - Сузактык эң кыска бойлуу жубайлардын бактылуу жашоосу

Turmush -  Сузак районуна караштуу Жерге-Тал айылында жашаган кыска бойлуу түгөйлөр 11 жылдан бери ынтымактуу түтүн булатып келишет. Үйдүн кожоюну Алишер Нышановдун бою — 1 метр 20 сантиметр болсо, жубайы Нафиса Балтабаеванын бою — 1 метр 25 сантиметр. Учурда алар 35 жашта. Туугандары аркылуу табышкан жубайлар менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Алар 24 жашында үйлөнүп, учурда 2 балалуу болушту. Тун кызы 8 жашка толуп, мектепте билим алып жатса, кичүү уулу 4 жашта. Түгөйлөр кыска бойлуу болгону үчүн өкүнгөн учурлар болгон, бирок ден соолугу чың, балдары өсүп жатканына шүгүр кылышат.

Учурда Алишер мырза кошуналарынын малын чогултуп, багуу менен киреше таап жатат. Жубайы Нафиса үй жумуштары менен алек. Ал эми, алардын үй-бүлөсү кышкысын райондун борборунда болушат. 

Нафиса айымдын колунан бардык жумуштар келет. Тигүүчүлүктү да жакшы өздөштүрүп, балдарына, кайын сиңдисинин кыздарына түрдүү кийимдерди тигип берет. Ал келин болуп келгендеги кызыктуу окуяларды эстеп, кабарчыга айтып берди.

«Үйдө 4 бир тууганбыз. Эжем турмушка чыгып кетип, эркек бир туугандарым Россияда болгондуктан ата-энем үчөөбүз жашачубуз. Чакан идишке 3 адамга эле ылайыктап тамак бышырчумун. Келин болуп келгенде короонун чоңдугуна көнө албай кыйналдым.

Бир күнү таштанды төгүп келүү үчүн чыктык. Таштандыны кайын сиңдим экөөбүз көтөрүп бара жатып, таштай турган жерге араң жеткем. Ошонусу менен эсте калды. Андан кийин кошуналарыбыз конокко келип, аш бышырып баштаганбыз. Мен кайненеме жардамдашып жүргөм. Аңгыча кайненем үйгө кирип, кошуналар менен отуруп калды. Апамды чакыруудан тартындым. Ал эми, 20дан ашык адамга аш даярдалып жаткан казан менин боюм менен тең эле. Ары ойлонуп, бери ойлонуп жатып, акыры очоктун үстүнө чыгып, ашты демдеп койдум. Ошентип бышырган аш даамдуу болуп, кошуналарыбыз мактап кетишкен», - деди Нафиса айым.

Анын колунан жасалган тамактар даамдуу болуп, кайнене-кайнатасына өзгөчө жагат. Өзгөчө ашты, суюк тамактарды даамдуу бышырат. Жолдошу Алишер жубайы жасаган манты, оромону жактырат.

«Балдарыма кийимдин көбүнчөсүн өзүм тигип берем. Мектеп формаларын гана сатып алабыз», - деди Нафиса.

Ал эми, кийимдерди бычып берүүгө кайненеси жардамдашат.

«Кечээ эле алты саны аман жүргөн адамдын өз алдынча тамак жей албай калганын көрүп, коркуп кетем. Ден соолугубуздун чыңдыгына шүгүр келтирем. Кээде күзгүдөн өзүмдү көрүп алып көңүлүм чөгүп, ыйлайм. Кайра балдарымдын, жолдошумдун бар экени капачылыгымды жууп кетет. Жараткан бизге сезим-туюмду күчтүү кылып берген. Базар аралап бара жатканда адамдарды көз карашынан туюп коём», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 20691
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×