При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Жалал-Абадда унаа сүзүп кеткен 29 жаштагы кыз каза болду

Turmush -  Казарман—Жалал-Абад жолунда бара жаткан «Жигули» үлгүсүндөгү унаа 29 жаштагы кызды сүзүп кетип, жабырлануучу оор жаракаттын кесепетинен каза болду. Жергиликтүү жашоочулар кабарчыга билдиргендей, Казармандан Жалал-Абадды көздөй бара жаткан унаанын алдында калган жабырлануучу Сузак районуна караштуу Кара-Чолок айылынын жашоочусу болчу.

Бул кырсыкты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы да тастыктап, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Териштирүү иштери башталып, автотехникалык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыш иш козголот. Айдоочу окуя болгон учурда спирт ичимдигин ичпегени аныкталды», - деп айтылат ОИИБдин билдирүүсүндө.

Айдоочу маркум көчөгө капыстан чыга калганын айтса, жабырлануучу тараптын жакындары менен күбөлөр унаа катуу ылдамдыкта келе жатканын айтууда.

Күбөлөр «Репортер» басылмасына авария бүгүн, 31-июлда саат 11:00 чамасында болгонун билдирген.

А 58

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 785
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу