Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Мурдагы жолдошунун үйлөнгөнүн угуп, үйүнөн чыгып кеткен келиндин жансыз денеси табылды

Turmush -  Майлуу-Суу шаарынан дайынсыз жоголгон 21 жаштагы С.Алтынбекованын жансыз денеси дарыянын жээгинен табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, ал 2017-жылдын 24-июнь күнү Майлуу-Суу шаарындагы үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Анын жансыз денеси балык уулагандар тарабынан Майлуу-Суу дарыясынын жээгинен табылып, куткаруучуларга өткөрүлүп берилди. Маркумдун денеси 1 айдан бери сууда калгандыктан таанып-билүү кыйынга туруп, кыздын апасы аны тишинен жана ич кийимдеринен тааныган.

Буга чейин маркумдун жакындары ажырашып кеткен мурдагы жолдошу Россияда жүрүп үйлөнгөнүн угуп, аны издеп келем деп үйүнөн таарынып качып чыгып кеткенден бери табылбай жатканын билдиришкен. Психикалык жактан жабыркап жүргөндүктөн мурдагы жолдошунун үйлөнгөнүнө катуу капа болуп, оорусу козголгонун айтышкан болчу. Ал ден соолугуна байланыштуу жолдошу менен ажырашып, ата-энесинин үйүндө жүргөн.

11111

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2483
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×