Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 31.07.2017 11:17

Сузак районунун башчылыгына Э.Омошев келди

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунун акими болуп Омошев Эрмекбай Мавлянович дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, жаңыдан дайындалган акимди райондун активи менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев тааныштырды.

«Сузак району көп улуттуу район болгондуктан улуттар аралык достукту чыңдоого, райондун экономикалык абалын жакшыртууга чоң салымыңызды кошот деген үмүттөбүз. Эл үчүн, мамлекет үчүн таза иштеп бериңиз, ишиңиз илгери болсун», - деди облус башчысы.

Эрмекбай Омошев буга чейин Сузак райондук кеңештин төрагасы болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×