Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Кара-Көлдө 45 турак жай сел сууларынан корголот (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы 45 турак жай сел сууларынан корголот, деп маалымдайт ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, ӨКМдин 2017-жылга карата түзүлгөн «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш планы боюнча Кара-Көл шаарынын Ак-Кыя көчөсүндөгү сел каналды казып тазалоо жумуштары аткарылууда.

«Кара-Көл шаарынын Ак-Кыя көчөсүндөгү 45 турак жайды сел суулары каптап кетүү коркунучу жаралып жаткан узундугу 600 метр сел каналды казып, тазалоо жумуштары үчүн ӨКМ тарабынан 900 литр дизелдик күйүүчү май бөлүнүп берилип, жергиликтүү айыл аймак тарабынан 1 бирдик эксковатор техникасы жумушка тартылып, бүгүнкү күнгө узундугу 450 метр сел канал казылып, тазаланып бүтүп, жумуш уланууда. ӨКМ жана жергиликтүү бийлик биргеликте аткарган жумуштарынын натыйжасында 45 турак жай жана ички чарбалык автоунаа жолу корголот», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1217
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×