При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Ала-Буканын Ажек айылындагы 55 турак жай сел каптоо коркунучунан корголду (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын Ажек айылындагы Эшме-Сай сайынын эң кооптуу аймагын механикалык жол менен сүрүп, бекемдөө жумуштары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ажек айылындагы 55 турак жайды жана автоунаа жолдорун сел суулары каптап кетүү коркунучу жаралган. Мындан улам узундугу 2 миң метр сел сайдын нугун түздөп сүрүп, жээктерин бекемдөө үчүн ӨКМ тарабынан 1 даана бульдозер (күйүүчү майы менен) бөлүнүп, жергиликтүү айыл аймак тарабынан 1 бирдик экскаватор, 1 бирдик бульдозер жумушка тартылып, бюджеттен 25 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Учурда Эшме-Сай сайынын жээктерин сүрүп, бекемдөө жумуштары аткарылып жатат.

ӨКМ жана жергиликтүү бийлик биргеликте аткарган жумуштардын натыйжасында Ажек айылындагы 55 турак жай жана ички чарбалык унаа жолдору корголот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 531
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу