Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ноокенде токко урунуп каза болгон кош бойлуу келин кайындарына 15 күн мурун гана келген

Turmush -  Ноокен районунда токко урунуп каза болгон 29 жаштагы аялдын келин болуп келгенине 15 күн гана болгон. Жергиликтүү тургундардын айтымында, ал Аксы районунан Ноокендин Сакалды айылына келин болуп барган.

«Келин конок тосууга даярданып жатып, кудуктан суу алам деп кокустуктан улам насостун тогуна урунуп каза болгон. Учурда анын аты-жөнү такталууда. Келинди ооруканага алып барышканы менен өмүрүн сактай алышкан эмес. Анын денесин Аксыга алып кетишти», - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин жергиликтүү тургундар Ноокен районунун Сакалды айылында 29 жаштагы кош бойлуу келин токко урунуп каза болгонун билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1365
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×