Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

«Тагдыр»: Кара-көлдүк 40 жаштагы Б.Ашырова талма оорусу кармаганда кайнак сууга күйүп калган (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 40 жаштагы тургуну, экинчи топтогу майып Бактыгүл Ашырова 2016-жылдын 26-сентябрында денесинен катуу күйүк алган. Анын апасы Зейнеп Ашырованын айтымында, кызы учурда жардамга муктаж.

«Кызым 2016-жылдын 26-сентябрында күйүп калган экен. Мага айтышпаптыр. Ошол күнү 2 кызы мектепке кетсе, 2 баласы менен жолдошу эшикте жүргөн. Плитага чайга суу коюп, ошол кезде талма оорусу кармап, кайнап жаткан суу ага төгүлүптүр. Эшикте жүргөн жолдошу кызымдын ары-бери чуркап жатканын жана күйүп калганын көрүп, ооруканага жеткириптир. Мен 27-сентябрда түнкүсүн угуп, кызымды көргөнү келсем, абалы өтө оор экен. Буту-башы таңылып, эки колу эки жакты карап, көзү да көрүнбөй, таңылып жаткан экен. Ооруканада 3,5 ай жатты», - деди ал.

З.Ашырова кызы турмушка чыккандан кийин үй-бүлөлүк чыр-чатактын айынан башынан катуу жаракат алып, ошондон улам талма оорусуна кабылганын айтууда.

«Ооруканада жатканда дарыларын өзүбүз сатып алып жаттык. Анын колдору, колтуктары, мойну күйүктөн улам жабышып калган. Операция жасатууга жалпы 180 миң сом керектелет экен. Мэрия 20 миң сом которуп беришти. Калган сумманы чогултуу үчүн кайрымдуу элден жардам сурайбыз. Кызым мурункудай абалына келип калса экен деп тилейм. Жолдошунун туруктуу жумушу жок. Бирок, колунан келген ишти жасап, үй-бүлөсүн бакканга аракет кылып келет. Кызым 10 бала төрөгөн, бирок 5 баласы чарчап калган», - деди З.Ашырова.

Кара-Көл шаарындагы Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун уролог дарыгери Бахрам Шамурзаевдин айтымында, Б.Ашырова ооруканага оор абалда келген.

«Өткөн жылдын 26-сентябрында кайнак сууга күйүп, оор абалда келген. Ал 1-2-3 «А» даражадагы күйүк алып, денесинин 25-27%, тактап айтканда бети, мойну, дене мүчөлөрү күйгөн. Бизде комбустиолог дарыгерлер жок болгондуктан колдон келген медициналык жардам көрсөттүк. 14-январда канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылган», - деди ал.

Ал эми, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Чынара Тургунбаева Б.Ашырова 2009-жылдан бери талма оорусу менен жабыркаган жаран катары каттоодо турарын билдирди.

Банктагы эсеп: 1031620202122593

Банктын идентификациялык коду: 103016

Кардардагы ИНН: 11808197700722

Банктагы ИНН: 02712199110068

«Кыргызстан коммерциялык банкынын» Кара-Көл шаарындагы филиалы.

Алуучунун дареги: 715434, Кара-Көл шаарынын Ленин көчөсү №1-а.

IMG-20170727-WA0122

IMG-20170727-WA0121
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13530
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
aijamal.r
14:44, 05 августа 2017
саламаьсыздарбы! автор менен кантип байланышсам болот?
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×