Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Жалал-абаддык Р.Абдырахманов жаштарга жыгач устачылыкты үйрөтүүдө (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын 61 жаштагы тургуну Равшан Абдырахманов жыгач устачылык менен алектенет. Ал устачылыкты убагында атасынан үйрөнгөнүн айтат.

«Атам Абдырахман колунан көөрү төгүлгөн уста болгон. Ал соодагерлер менен бирге ар кайсы шаарларга барып, ал жактан атайын жыгачтарды алып келчү. Андан соң корообузда күндүн ысыгына же суугуна карабай тынбай эмгектенчү. Мен дагы атамдын жанында жүрүп үйрөнүп, 17 жашымдан баштап устачылык кыла баштадым. Жаңы баштаган кезде ар кандай сандыктарды, бешиктерди жасап, базарга сатууга алып чыгып жүрдүм. Бешикти жаңгактын же арчанын жыгачынан жасачумун. Анткени жыгачтар бир топ морт болот жана бешиктерге курттар да түшпөйт. Кийинчерээк элдин муктаждыгына карап столдорду, жыгач керебеттерди, отургучтарды жасап баштадым. Бир эмеректи жасоого бир жума убакыт кетет, анткени эмерек кардарга көп жыл кызмат кылышы керек. Мисалы, чоң столду 2000 сомдон 2500 сомго чейин сатам. Ал эми отургучтарды 1000 сомдон жасайм. Түшкөн каражаттын 95%ы материалдарга кетет. Кээде жакыр үй-бүлөлөргө арзандатып жасап берүүгө аракет кылабыз», - дейт уста.

Ал жыгач уста болуу оңой эмес экенин айтат.

«Устачылык менен алектенип жатканыма 44 жыл болду. Жыгач уста болуу оңой эмес, ага сабырдуулук жана терең ой жүгүртүү керек. Учурда 2 шакиртим бар. Аларга үй эмеректерин жана башка буюмдарды жасоонун ыкмаларын үйрөтүп турам. Бирок, азыр жаштар устачылыкка көп кызыгышпайт. Көпчүлүгү чет өлкөгө мигрант болуп кетип жатышат. Ал эми кызыккан жаштарга мүмкүнчүлүк барда бизден устачылыкты үйрөнүп алгыла деп көп айтам», - деди ал.

Р. Абдырахмановдун 7 баласы, 25 небереси бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1742
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×