Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Жалал-Абад

ӨКМдин Ош жана Жалал-Абаддагы башчылары алмашты

Turmush -  Абдишарип Бекилов ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулду. Ал бул кызматка 2016-жылдын июль айында дайындалган. Ага чейин ӨКМдин борбордук аппаратында калк жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

А.Бекилов

АБ

Министрликтин 2016-жылдын июль айындагы коллегиясынын жыйынтыгы менен министр К.Боронов ӨКМдин Баткендеги башчысы Алберт Тагаев менен Жалал-Абаддагы жетекчиси Сонунбек Отонбаевди ишмердүүлүгүндөгү кемчилик үчүн кызматтан алган болчу.

Учурда ӨКМдин Жалал-Абаддагы башкармалыгын Дайыр Каримов убактылуу жетектеп жатат. Буга чейин ал ведомствонун Ош облусундагы башкармалыгын жетектеп турган.

Ал эми, ӨКМдин Ош облусундагы башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп Сабыржан Курманбаев дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2729
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×