Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Жалал-Абад

Ноокенде жапайы өскөн кара куурайлар жок кылынды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 24-июлда башталган «Кара куурай» операциясы 30-июлга чейин улантылат. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 25-июлда Ноокен районунда атайын жумушчу бригада түзүлүп, талааларда жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу иштери жүргүзүлдү. Райондо жалпы 6 гектар 30 сотыхтан ашуун жерде кара куурай өсөт.

Иш-чаранын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлиги, айыл өкмөт жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте талаа жээктерин бойлоп өскөн кара курайлар орулуп,  жок кылынды. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын Жалал-Абад обулсундагы бөлүмүнүн башчысы Саламат Талипов кийинки иш-чара Кара-Көл шаарында, Токтогул районунда улантыларын айтты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1090
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×