При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Ноокендеги чек арачыларга концерт тартууланды (фото)

Turmush -  Ноокен районундагы аскердик бөлүктөрдө Ыйман, адеп жана маданият жылына карата концерттик программалар тартууланды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Райондун Сакалды айыл өкмөтүндө жайгашкан Сакалды чек ара тозотунун, Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу Момбеков чек ара тозотунун, Бүргөндү айыл өкмөтүнө караштуу Бүнгөндү жана Жаштык чек ара тозотторунун жамааттарына райондун маданият үйүнүн жана айылдык маданият үйлөрүнүн чыгармачылык топтору концерттик программа тартуулашты.

Бул иш-чара аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөп жаткан жоокерлердин руханий байлыгын жогорулатуу максатында уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 363
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу