Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Бишкек—Ош жолунда 8 жүргүнчү каза болгон унааны айдоочу Москвада иштеп тапкан акчасына алган (фото)

Turmush -  Бишкек шаарынан Ошту көздөй 8 жүргүнчүнү алып бара жатып кырсыкка кабылган «Хонда Стэпвагон» унаасынын айдоочусу — Өзгөн районунун Куршаб айылынын 1991-жылы туулган тургуну Д.Санжарбекке операция жасалды. Азырынча ал кырсык тууралуу эстей элек. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Буга чейин 20-июлда саат 06:30 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 460-чакырымында 3 унаанын — оор жүк ташуучу «МАН» үлгүсүндөгү унаа, «Хонда Стэпвагон» жана «Хонда Одиссей» унааларынын катышуусунда кырсык болуп, 8 адам каза болгондугу маалымдалган. Алардын баары «Хонда Стэпвагон» унаасынын жүргүнчүлөрү болгон.

Шамалдуу-Сай шаарчасында жайгашкан аймактык оорукананын дарыгери Абдыразак Абдыганиевдин айтымында, айдоочу Д.Санжарбекке операция ийгиликтүү жасалды.

«Кырсыктан жабыркаган айдоочу биздин ооруканага окуя болгон күнү саат 06:30 чамасында алынып келди. Ал эсин жоготуп, кан басымы көтөрүлүп, ички органдарынан кан кетип, шок абалда келген. Ага төрт саат операция жасалды. Бейтаптын абалы канааттандырарлык деп айта албайм. Операциядан кийин өзүнө келип, сөз сүйлөсөң угуп жатат. Бирок, кайра өзүн жоготуп коюуда», - деди дарыгер.

Айдоочунун апасын Жаркынай Паязованын айтымында, Санжарбек 3 баласынын улуусу.

«Тун уулум 2015-жылы үйлөнгөн. Арадан бир жыл өтпөй жатып, келиним менен ажырашып кетти. Учурда уулум кызына 3700 сом, аялына 1500 сом алимент төлөйт. Айына орто эсеп менен 5000 сомдон ашык акча берет. Мындан улам ал Москвага иштегени кеткен. Ал жакта карындашы экөө иштеп, тапкан акчасына «Хонда Стэпвагон» үлгүсүндөгү унаа алып, Ош—Бишкек каттамы менен каттап жаткан.

Уулум мурда деле унаа айдап жүргөн, тажрыйбасы жетиштүү болчу. Эмне болуп кырсыкка кабылып калганын билбейм. Оштон кардар алып, борбор калаага дүйшөмбү күнү чыгып кеткен, жеткенде мага телефон чалган болчу. Кырсык болгон күнү эртең менен эрте туруп, атасы экөөбүз үй жумуштарын жасап жатканбыз. Алыскы туугандар, тааныштар телефон чалып кырсыкты айтышты. Эч нерсени түшүнбөй отуруп калдык. Биз барган учурда уулумдун абалы өтө оор экен, көп кан жоготуптур. Азыр баламдын абалы бир аз жакшы. Ошентсе да эсинде эч нерсе жок экен. Операциядан кийин бизди тааный алган жок, кийин мени тааныды. Андан кийин унаасын сурады. Биз: «терекке бир аз уруп алыптырсың, үйгө алып барып койдук», деп айтып жатабыз», - деди жабырлануучунун апасы.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык 3 унаанын катышуусунда болгон.

«Хонда Стэпвагон» унаасы кырсыкка чейин

- «Хонда Одиссей» унаасында 6 адам болгон. Алардын абалы канааттандырарлык. Айдоочусу — Ош облусундагы Алай районунун 1990-жылы туулган тургуну А.Н;

- Оштон Бишкек тарапка бара жаткан оор жүк ташуучу «МАН» унаасында 2 адам болгон, алардын абалы канааттандырарлык;

- «Хонда Стэпвагон» унаасында 9 адам болгон. Андагы 8 жүргүнчү окуя болгон жерде каза болуп, айдоочусу — 1991-жылы туулган тургуну Д.Санжарбек ооруканада.

Кийинчерээк каза болгон 8 адамдын өздүгү аныкталган.

«Хонда Стэпвагон» унаасы кырсыктан кийин
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12682
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×