При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Чаткалдык темир уста бир күндө 20 атка така жасап, ар бирин 400 сомдон сатат (фото)

Turmush -  Чаткал районунун Айгыржал айылынын 58 жаштагы тургуну Айдарбек Бекмуротов союз тарагандан тартып темир устачылык менен алектенет. Алгач ал ширетүүчү болуп иштеп жүрүп, кийин темир устачылыкка өткөндүгүн аймактык кабарчыга айтып берди.

«25 жылдан бери темир устачылык менен алектенем. Башында кетмен, орок, така жасап сатып жүрдүм. Ал мезгилде жокчулук заман болчу, баары арзан эле акчага жасалчу. Алгач така жасап баштаганда 4 жуп таканы 10 сомго сатчумун. Кийин жыл өткөн сайын баасы жогорулап олтуруп, 50 сомго чыкты, азыр 400 сомго сатып жатам. Жаз мезгилинен баштап, кеч күзгө чейин така сатабыз. Бир күндө 80 така жасап, 20 атты така менен камсыздаса болот. Бирок, бир күндө 20 атка така сатуу мүмкүн эмес. Азыр базарда кытайдан жасалып келген такалар дагы сатылат. Ошол себептен така алгандар бир аз азайды. Бирок, чыдамдуу така жасап бер деп сурап келгендер арбын», - дейт А.Бекмуратов.

Мындан тышкары, ал ширетүүчүлүк менен алектенип, унаалардын сынып калган тетиктерин ширетип, шайтан арабаларды дагы оңдогонго жетишет.

«Өзүмдүн бир бөлмөлүү устаканам бар. Буюртма бергендердин саны көбөйүп жатат. Азыр орок жана балта жасап жатам. Баасы келишим менен», - деди ал.

А.Бекмуротовдун 3 уулу, 3 кызы жана 5 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 478
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу