Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Ноокендик Г.Исмаилова Россиядан таанышкан орус апасын үйүнө алып келди (фото, видео)

Turmush -  Ноокен районундагы Параканда айылынын 51 жаштагы тургуну Гүлмира Исмаилова Россиядан таанышкан Светлана Загребневадан өз апасындай жылуулук таап, үйүнө алып келген. Экинчи апасы ден соолугунан жабыркап жүргөнүн, Кыргызстанга келгенден кийин өзүн жакшы сезип калганын айтты.

Ноокен

Г.Исмаилова Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына экинчи энеси тууралуу айтып берди. Өзүнүн апасы бир туугандарынын колунда турат.

«Эл катары биз дагы Россияга барып иштеп калдык. Ал жакта ар кандай жумуштарды жасап, фирмаларда жүрүп, акыры Светлана Загребневанын үй-бүлөсү менен таанышып калганбыз. Кийин Светлана эженин кызы аны карап берүүнү суранды. Макул болуп, эжени 2 жыл карап, жардам берип жүрдүм. Үй-бүлөсү өтө жакшы адамдар болгондуктан жакшы катташып калдык», - дейт ал.

Анын айтымында, экинчи апасынын Кыргызстанга келгенине 1 жылдан ашты.

«Светлана Загребневаны 2016-жылы 19-июнда алып келгем. Аны алып келүү оңой болгон жок. Акча үчүн алып келди деген сөздөр айтыла турганын билгем. Балдарым дагы кыйналасыз деп айтышты. Бирок, бардык кыйынчылыктарды жеңдик. Эжем бул жерге көнүп, менин экенчи апам болуп калды. Барын туура түшүнүү менен кабыл алган 3 уулума, күйөөмө ыраазымын», - деди Г.Исмаилова.

Айылдагы жашоочулардын көңүлүн бурган 76 жаштагы Светлана Загребнева үнүн бийик чыгарып ырдап калат. Ал жаш кезинде мотоциклди жакшы айдап, ырдап жүргөнүн эскерет.

«Жаш кезинде өтө шайыр, башка адамдар үчүн жардамын аябаган аял болгон экен. Азыр деле шайыр жүрөт, ырдаганды жакшы көрөт, жакшы бийлейт. Айрым учурларда үнүн бийик чыгарып ырдап калат», - деп белгиледи ал.

Светлана Загребнева 1 уул жана 1 кыздуу болгон. Уулу эрте көз жумуп, кызынын камкордугунда жүргөндө аны менен курдаш Гүлмира айым менен таанышып калган.

«Россияда жүргөндө көп ооруп, кан басымы жогорулап турчу. Салмагы 105 кг ашып, ашказан оорусу менен жабыркап келген. Ал оорулардан Кыргызстанга келгенден кийин сакайды. Жаңы келгенде бул жактын ысыктыгынан кыйналып жүрдү. Учурда абалы жакшы, салмагы 80 кг түзүп, өзүн жеңил сезүүдө», - деп кошумчалады.

Г.Исмаилова уулдары менен

IMG-20170722-WA0024

Маекке аралашкан Светлана Загребнева кыргыз ашканасынан гүлчөтайды өзгөчө жакшы көрөрүн кошумчалады.

«Мен өтө жакшы адамга жолуктум. Өмүр бою жакшылыктарын унутпайм. Мага жакшы камкордук кылып жатышат. Кыргыз кызымдын колунан жасалган гүлчөтайды жакшы көрөм. Кызымдын үй-бүлөсү дагы камкор жана ынтымактуу адамдар. Мага Кыргызстандын аба ырайы, абасы абдан жакты. Ден соолугум дагы жакшырып, өзүмдү жакшы сезип калдым. Бардыгына терең ыраазымын», - деди кубанган Светлана Загребнева.

Ал Кыргызстандын кооз аймактарын кыдырып чыгууга да жетишкен. Азырынча өз жерине кайтуу тууралуу ойлоно элек. Бирок, кызы менен жээнин сагынганда аларга качан барам деп эстеп калат. Күнүмдүк керектөөсүнө жана тамак-аш үчүн Россияда фирмалардын биринде эмгектенген өзүнүн кызы каражат жөнөтүп турат. С.Загребнева кыргыз үй-бүлөсү менен орус тилинде баарлашат. Ага кайгылуу окуяларды эстетпегенге аракет кылып турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7467
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×