При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Чаткалда 80 үйдү селден сактоо үчүн сай жээктери бекемделди

Turmush -  Чаткал районунун Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылдарындагы сел өтүүчү сайлардын жээктерин бекемдөө иштери бүткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган айылдарда 80 үйдү сел каптап кетүү коркунучу жаралып, сайлардын жээгин бекемдөө үчүн 160 даана габион торчолору бөлүнүп, күнүнө 15-20 адам, 2 даана самосвал, 1 автожүктөгүч иштеди. Аталган иштерге ӨКМ тарабынан 40 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 403
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:29,   17.08.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу