Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Таш-Көмүр шаардык кеңештин депутаттары 2-жолу мэрди шайлай алышкан жок

Turmush -  Бүгүн, 21-июлда Таш-Көмүр шаардык кеңештин депутаттары экинчи жолу мэрди шайлай алышкан жок. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, шаардык кеңешке КСДП партиясынан 7, «Республика» партиясынан 7, «Мекеним Кыргызстандан» 6, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан 5, «Ата Журт» партиясынан 3, «Таш-Көмүр жаштарынан» 3 депутат мандат алышкан.

КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Таш-Көмүр жаштары» партиялары биригип, «Биримдик» коалициясы түзүлгөн. Шаардык кеңештин төрагасы 16 добуш менен шайланган болчу. Ал эми шаар мэрлигине КСДП партиясынан Сулайман Сансызбаев гана талапкерлигин койгон. Шаар мэрин шайлоо үчүн эки жолу кворум болуп, эки жолкусунда тең оппозицияда калган партиянын депутаттары келген эмес. Оппозицияда калган партиялардан мэрликке талапкер көрсөтүлгөн эмес.

Ал эми КСДП партиясынан шаардык кеңешке депутаттар, аксакалдар кеңеши өкмөт башчыга шаар мэринин милдетин аткаруучуну аталган партиядан дайындоо боюнча кайрылуу жолдошкон.

Буга чейин Бекболот Миңбаев Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруудан бошотулгандыгы маалымдалган.

Белгилей кетсек, Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоо биринчи жолу 31-январда өткөн. Анда, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Колоев Тимур, «Кыргызстан» партиясынан көрсөтүлгөн Кубатбеков Шайлообек, КСДПдан көрсөтүлгөн экс-мэр Шамшарбек Чойбеков жетиштүү добуш алган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1100
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×