Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Тагдыр: Сейрек кездешүүчү ооруга кабылган 26 жаштагы Альфия оң колунан айрылды (фото)

Turmush -  Сейрек кездешүүчү ооруга кабылган Майлуу-Суу шаарынын 26 жаштагы тургуну Альфия Араббаеванын оң колун сактап калууга мүмкүн болгон жок. А.Араббаева саламаттыгы чың болуп өскөндүгүн айтат. Ал Майлуу-Суу шаарында чоңоюп, мектепти ийгиликтүү аяктаган.

Кийин турмушка чыгып, бирок андан көп өтпөй ооруп баштаган. Колу ооруганда дарыгерлерге кайрылганы менен алар убагында так дартын аныкташкан эмес.

«Майлуу-Суу шаарындагы ооруканага кайрылганым менен учурунда так дартты аныктай алышкан жок. Ош, Жалал-Абаддан кийин борборго барып текшерилдим. Ошол жактан диагноз коюлду. Көрсө мен сейрек кездешүүчү ооруга чалдыккан экенмин. Дарыгерлер колумду сактоого аракет кылышты, бирок оң жыйынтык болгон жок. Акыры кесип салууга аргасыз болушту. 2010-жылдан бери күнүнө 5 таблеткадан дары иче берип, көзүм жакшы көрбөй калды. Көз айнек тагынсам гана 80% көрөм. Азыркы тапта 2 таблеткадан гана дары ичип жатам, 3 жолу инсульт болдум. Оору мени кыйнады. Апам тапкан акчасын менин дарыларыма жумшайт», - дейт ал.

А.Араббаева белгилегендей, апасы шаардагы лампа заводдо иштеп, маянасы 7 миң сомду түзөт. Заводдо жумуш жакшы болбой, кээде азайып дагы калат. Апасы аны дарылатуу үчүн насыя алгандыктан ай сайын акча төгүү кыйын болууда.

«Апам кыйналып кетти. Бишкек шаарына жыл сайын 5-6 жолу барып көрүнүп келебиз. Ичкен дарыларым дагы кымбат. Апам мени ойлоп жүрүп, кайгырып жатып башы ооруй турган болуп калды. Апамдын башын томографияга тарттыруу үчүн акча таппай кыйналып келебиз.

Көзүмө бычак тийгизбей эле лазердик операция жасаталы десек, 100 миң сомдон ашык каражат керек экен. Апамдын да баш оорусу күчөп жатат. Кайдыгер карабаган, боорукер жарандардан жардам сурайм. Мен апамдын жүзүнөн бактылуулук, күлкүсүн көрсөм дейм. Көзүмдүн жакшы көрүшүн каалайм», - дейт ал.

Альфия апасы жана мектеп жашындагы иниси менен бирге жашайт. Белгисиз дартка чалдыккандан көп өтпөй жолдошу менен ажырашкан.

Альфия ооруганга чейин жана учурдагы сүрөттөрү

Альфияга жардам берүүнү каалагандар 0552 932 606 номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7570
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×