Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абадда алыш күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунда быйылкы Адеп, ыйман жана маданият жылына карата алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка караганда, эл аралык мелдеш ушул жылдын 12-13-август күндөрү Базар-Коргон районундагы «Арстанбап» турбазасында өткөрүлөт. Ал эми, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы 12-августка чейин мелдеш өтүүчү аймакка үн күчөтүүчү жабдууларды жана отургучтарды орнотуусу абзел.

Облустук жаштар иштери, спорт жана дене тарбия башкармалыгы чакырылган коноктордун тизмесин тактап, мелдешти жүргүзүү тартибин даярдап, сценарийин түзүп, мелдештин катышуучуларын медициналык кароодон өткөрүү менен таразага тартуусу керек. Облустагы райондук мамлекеттик администрациялар менен шаарлардын мэриялары жана спортчуларды мелдешке жиберүүчү мекемелер мелдештин катышуучулары менен алардын машыктыруучуларынын жол киресине, тамак-ашка зарыл чыгымдарды каржылоосу керек.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1728
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×