Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Видео, фото - Бишкек—Ош жолунда каза болгондордун экөө аял, бешөө эркек жана эң кичүүсү 4-5 жаштагы кыз

Turmush -  Бишкек—Ош жолундагы 3 унаанын кагылышуусунан каза болгон 8 адамдын өздүгү такталып жатат.

ӨКМдин Жалал-Абаддагы башкармалыгы денелер Таш-Көмүр шаарындагы өлүк сактоочу жайга жеткирилгенин билдирди. Каза болгондордун бардыгы бир унаада — «Хонда Стэпвагон» унаасында бара жаткан. Ал унаанын айдоочусу — Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылынын 1991-жылы туулган тургуну Д.Санжарбек оор абалда Шамалды-Сай аймактык ооруканасынын хиругия бөлүмүндө жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгондордун ичинен экөө аял, бешөө эркек киши жана эң кичүүсү 4-5 жаштардагы кыз.

Turmush басылмасына ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык бүгүн, 20-июлда саат 06:30 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 460-чакырымында 3 унаанын — оор жүк ташуучу «МАН» үлгүсүндөгү унаа, «Хонда Стэпвагон» жана «Хонда Одиссей» унааларынын катышуусунда болду.

- «Хонда Одиссей» унаасында 6 адам болгон. Учурда алардын абалы канааттандырарлык. Айдоочусу — Ош облусундагы Алай районунун 1990-жылы туулган тургуну А.Н;

- Оштон Бишкек тарапка бара жаткан оор жүк ташуучу «МАН» унаасында 2 адам болгон, алардын абалы канааттандырарлык;

- «Хонда Стэпвагон» унаасында 9 адам болгон. Андагы 8 жүргүнчү окуя болгон жерде каза болуп, айдоочусу 1991-жылы туулган тургуну Д.Санжарбек ооруканада.

Окуя болгон жерде куткаруучулар, дарыгерлер, тиешелүү органдардын өкүлдөрү иштеп жатат. Тактоо иштери улантылууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 26454
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×