Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ала-Букада аккордеончу музыканттар мелдешке түштү

Turmush -  Ала-Бука районунда бүгүн, 19-июлда өкмөттүн Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгү менен жергиликтүү телеканал биргелешип уюштурган музыканттардын «Ойно, аккордеон» сынагы үчүн алгачкы сюжеттер тартылды. Бул тууралуу акимдин орун басары Калчабү Үсөнбаева кабарлады.

Анын айтымында, сынакка райондо жашап, иштеген 6 аккордеончу музыкант катышты. Алар кыргыздын жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн музыкаларын аккордеондо аткарышты. Сынактын алгачкы тасмалары Ала-Бука райондун маданият бөлүмүндө жана райондун аймагында жайгашкан Орто-Токой суу сактагычынын жээктеринде тартылды.

Ошондой эле, сынактын облустук туруна катышуучу музыканттар тандалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 878
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×