Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ала-Букада «Кадырлуу карылык» долбоору жармаңке өткөрөт

Turmush -  Ала-Бука районунда 19-июлда Жалал-Абад облустук кеңеш берүү кызматынын «Кадырлуу карылык» долбоорунун катышуучуларынын жыйыны болуп өттү.

Ага катышкан акимдин орун басары Калчабү Үсөнбаевадан алынган маалыматка караганда, «Кадырлуу карылык» долбооруна райондун 9 айыл аймагы киргизилген. 2 жылдан бери иштеп келе жаткан долбоор карыяларды күнөскана, тооккана куруу, кызыл карагат, мөмө-жемиштерди, көчөттөрдү өстүрүү, сүттү кайра иштетүү, биогумус жана силос өндүрүү, сервистик кызматтарды аткаруу аркылуу жумушка тартуу менен алардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, жакыр үй-бүлөлөрдүн санын кыскартуу максатын койгон.

Натыйжада Ала-Бука районунда 42 долбоор ишке ашып, 10 күнөскана куруу жана кулпунай өстүрүүчү 5 долбоор колдоо тапкан. Жыйналыштагы чечим менен август айында долбоор аркылуу өстүрүлгөн жашылча-жемиш, жасалган эл керектөөчү буюмдардын жармаңке-көргөзмөсү өткөрүлө турган болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 645
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×