При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Ала-Букада күндүзгү жана түнкү рейд уюштурулду

Turmush -  Ала-Бука районунда өспүрүмдөр менен жаштар арасында кылмыштуулукту алдын алуу, алар катышкан кылмыш иштерин ооздуктоо максатында атайын биргелешкен топ текшерүү жүргүзө турган болду. Текшерүүлөр 19-июлдан тартып 21-июлга чейин күн-түнү жүргүзүлөт. Бул тууралуу акимдин орун басары Калчабү Үсөнбаева билдирди.

Анын айтымында, биргелешкен текшерүүчүлөрдүн курамына райондук мамлекеттик администрациянын, райондук элге билим берүү бөлүмүнүн, райондук ички иштер жана райондук социалдык жактан коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кирди.

«Алар күндүзгү рейдди бугүн райондун борбору Ала-Бука айыл аймагынан баштады. Рейддин жыйынтыгы август айында болуучу райондук мамлекеттик администрациянын 6 айдын жыйынтыгын талкуулаган коллегиясында каралат», - деди акимдин орун басары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 546
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:29,   17.08.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу