Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Мугалимдердин республикалык спартакиадасында ЖАМУнун кыз-келиндери 2-орунду ээледи

Turmush -  ЖАМУнун командалары Чолпон-Ата шаарында өткөн мугалимдердин республикалык спартакиадасында бир катар ийгиликтердин ээси болушту. Бул тууралуу ЖАМУнун дене тарбия, спорт кафедрасынын башчысы жана тарых илимдеринин кандидаты Өзгөнбай Дооронов кабарлады.

Бул университеттин кыз-келиндер командасы жарым финалдык беттешүүдө Бишкек шаарынан келген Кыргыз-Орус славян университетинин оюнчуларын 3:0 эсебинде утуп алышкан. ЖАМУнун кыз-келиндер командасы финалдык беттешүүдө ОшМУнун кыздар командасына 3:0 эсебинде жеңилип, республикалык спартакиадада 2-орунга чыгышты.

Ал эми, ЖАМУнун шахмат боюнча окуучулар командасы ушул эле республикалык мелдеште 5-орунду камсыз кылышты. Мугалимдердин республикалык спартакиадасында стол үстүндө теннис мелдешинде ЖАМУнун окутуучусу Зульфия Асилова 4-орунду ээледи.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1252
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×