При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Шамалдуу-Сай ГЭСинде курулуш жана монтаждоо иштери кызуу жүрүп жатат (фото)

Turmush -  Шамалдуу-Сай ГЭСинин 3-агрегаты капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу маалымат өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин ГЭСтердин абалынан кабар алган учурда белгилүү болду.

Маалым болгондой, Шамалдуу-Сай ГЭСине да курулуш жана монтаждоо ишин жүргүзүү үчүн жетиштүү каражат каралган. Учурда аталган ГЭСтин машина залында курулуш иши жүрүп, жарык берүүчү электр шамдары коюлууда.

«Плотинанын үстүнкү бөлүгүндөгү комплекстүү трансформатордук көмөк чордону коюлуп бүттү. Жыл аягына чейин ачакей чоргону орнотуу пландалууда, Россия Федерациясынын заводунан ачакей чорго алуу боюнча келишим түзүлгөн», - дешти мекеменин өкүлдөрү.

Мындагы ГЭСтин курулуш иштерин да «Нарынгидроэнергокурулуш» ААК бүткөрүүдө. Бул ГЭСтин да курулуш иштерин толук бүткөрүү аракети көрүлүп жатат. Келээрки жылы мамлекеттик комиссияга тапшырылмакчы.

Ыйгарымдуу өкүл иш сапарынын алкагында Таш-Көмүр шаарында жайгашкан Таш-Көмүр, Шамалдуу-Сай, Үч-Коргон ГЭСтеринин кыш мезгилине карата көрүлүп жаткан даярдыктарын, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты.

Жумушчу сапарда маалым болгондой, Үч-Коргон ГЭСи Нарын дарыясына курулган алгачкы ГЭС болуп эсептелет. Аталган ГЭСтин ишке киргенине быйыл 56 жыл болду. Электр жабдууларынын иштөө мөөнөтү өтүп, жабдууларды алмаштыруу зарылдыгы бар.

Былтыркы жылы №3 гидрогенератордун эски электромашина үлгүсүндөгү дүлүктүрүүчү системага жаңы микропроцесордук схема менен башкарылуучу тиристордук системага алмаштырылды. Натыйжада аталган агрегаттын иштөөсү кыйла жакшырган. Бул жылы да жабдыктарды жаңылоо иши жүрүп жатат.

«Таш-Көмүр, Шамалдуу-Сай, Үч-Коргон ГЭСтерин көрүп чыктык, утурумдук оңдоолор, капиталдык курулуштар кызуу жүрүп жатат. Таш-Көмүр ГЭСиндеги курулуш сапаттуу бүткөрүлүп, октябрь айында мамлекеттик комиссияга өтөт деген ишеничтебиз», - деди ыйгарымдуу өкүл.

Эске салсак, Таш-Көмүр ГЭСи 420-450 МВт, Шамалдуу-Сай ГЭСи 200-240 МВт, Үч-Коргон ГЭСи 150-175 МВт кубаттуулукта иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 599
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:37,   14.08.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу