Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Таш-Көмүр ГЭСте 103 млн сомго курулуш жүргүзүлүп, мамлекеттик комиссияга тапшырылат (фото)

Turmush -  Быйылкы жылдын октябрь айына чейин Таш-Көмүр ГЭСинин курулушу толугу менен аяктап, мамлекеттик комиссиянын кароосуна коюлмакчы. Бул тууралуу маалымат өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев аталган ГЭСтин абалынан кабар алганы барган тапта белгилүү болду.

«Курулуп жаткан ГЭСтер ишканасынын өкүлдөрүнөн алынган маалыматка караганда, жыл башында «Электр станциялар» ачык акционердик коому тарабынан бүтө элек курулуш иштерин бүткөрүү үчүн 103 миллион сом каражат бөлүнүп, азыркы тапта курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Тактап айтканда, жыл башында бөлүнгөн каржылоого көптөн күткөн гидроагрегаттар жайгашкан машина залын бүткөрүү кадамы жүрүүдө. Аны менен ал жерде жайгашкан негизги жабдуулардын иштешине, кызматкерлерге жакшы шарт түзүлөт.

Ошондой эле, машина залы эстетикалык көркүнө чыгат, анткени гранит плиталары жана башка курулуш материалдарын колдонуу менен кооздолууда. Мындан сырткары, плотинага оң жана сол тараптан чыгуучу унаа жолдору бетондолуп бүткөрүлөт. ГЭСтен обочо турган суу сактагычта жайгашкан суу өткөрүүчү курулманын (СЭВдин) ички жана тышкы иштери бүткөрүлмөкчү. Мындагы курулуш иштерин «Нарын Гидроэнерго Курулуш» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

«Курулуп жаткан ГЭСтер» ишканасынын башкы инженери Таалайбек Бекенов: «Учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Ушул жылдын 1-октябрында мамлекеттик комиссияга тапшырууга кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Август айында алгач жумушчу топ келип көрүп кетет», - деп билдирди ал.

Ошондой эле, өкүл аталган ГЭСтин кызматкерлери менен да жолугуп, алардын пикирин укту.

Белгилей кетсек, Таш-Көмүр ГЭСинин курулушу 1983-жылы башталып, 1986-жылы 2 агрегаты, 1987-жылы 3-агрегаты ишке кирген. 2001-жылдан бери толук кубаттуулукта иштеп келе жатат. Аталган ГЭС 450 мВт кубаттуулукта иштейт. Өткөн жылы 1 млрд 796 млн кВт саат электр энергиясын иштеп чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1204
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×