Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Токтогулдагы мамлекеттик кызматкерлердин балдары Чычкан капчыгайында эс алууда

Turmush -  Токтогул районунун Чычкан капчыгайындагы эс алуу борборунда райондогу мамлекеттик кызматкерлердин экинчи топ менен барган 50 баласы эс алууда. Бул тууралуу акимдин орун басары Айна Нават кызы билдирди.

Анын айтымында, аларды жолдомо менен профсоюздардын райондук комитеттери камсыз кылды. 4 жылдан бери иштеп келе жаткан балдардын эс алуу борбору 60 орундуу. Анда алгачкы этапта райондогу аз камсыз жана социалдык коргоого муктаж болгон үй-бүлөлөрдөн 56 бала эс алып кайтышты.

Кийинки кезекте ушул лагерге үчүнчү топ менен билим берүү жана айыл чарба тармагында иштеген кызматкерлердин балдары эс алууга жиберилет. Токтогул районунда быйылкы жайкы сезондо жалпы 180 окуучуну аталган эс алуу борборунда эл алдыруу пландаштырылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2076
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×