Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.07.2017 09:41

Жалал-Абадда өнөр жай продукциясын өндүрүү артты

Turmush -  Жалал-Абад шаарында быйылкы жарым жылда өндүрүлгөн өнөр жай продукцияларынын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 204 млн 564,4 миң сомго өскөнү байкалды. Бул тууралуу мэриянын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Анын айтымында, шаарда быйылкы жарым жыл ичинде 1 млрд 565 млн 894 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Ал эми, өткөн жылы биринчи жарым жылдыкта 1 млрд 361 млн 329 миң сомдук көлөмдө өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн эле. Өсүү темпи 115%ды түздү.

«Ошентсе да бизде бир катар өнөр жай ишканаларында өндүргөн даяр продукцияларды сатып өткөрүү жагынан көйгөйлөр бар. Ошондуктан учурда өнөр жай ишканаларыбыз сатуу рыногун кеңейтүү, сырткы өнөктөштөр менен иштешүү жагынан аракеттерди көрүп жатышат», - дейт С.Умаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×