Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Майлуу-Суу шаарынын милициясы элге отчет берүүдө

Turmush -  Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн аймактык милициянын өкүлдөрү Көк-Таш айылынын жашоочуларына аткарган иштери боюнча отчет беришти.

ИИМдин жана ОИИБдин буйруктарынын негизинде кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча айткан милиция кызматкерлери калкты чогуу иш алып барууга чакырышты. Ошондой эле, ата-энелерди жаш өспүрүмдөрдүн ар бирин көзөмөлгө алуу, баскан-турган жерлери боюнча кабардар болуп турууну эскертишти.

«Көк-Таш аймактык башкаруусунда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук катталган эмес. Бирок, административдик укук бузуулар боюнча 17 факт катталган», - деди аймактык милициянын өкүлү.

Көк-Таш айыл аймактык башкаруусунда калктын саны 3400дөн ашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 919
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×