Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогулда 3 чакырым жолго асфальт төшөлүүдө (фото)

Turmush -  Токтогул шаарында ички жолдорду асфальттоо иштери жүрүп жатат, деп билдирди мэр М.Калмурзаев.

Анын айтымында, бул жылы республикалык бюджеттин эсебинен жалпы суммасы 12 млн 700 миң сомго А.Сүйөркулов көчөсүндө 1,7 чакырым, Ашыров көчөсүндө 1,3 чакырым, жалпы 3 чакырым жолго асфальт төшөө иштери башталды. Мындан сырткары, Кыргызстан, Бекташов көчөлөрүндөгү чуңкурларды жергиликтүү бюжеттин эсебинен жакынкы аралыкта асфальттоо пландалууда.

«Жыл сайын шаарыбыздын негизги жолдорун асфальттоо аракеттери шаардык мэрия тарабынан көрүлүп турат. Ички жолдор асфальтталгандан кийин башка көчөлөргө кам көрүү башталат. Бул жылы эл аралык долбоорлор менен активдүү иштешип, кышында асфальттагы карды тазалап туруу жана кум-шагыл төшөө үчүн атайын унаа алып жатабыз. Буюрса жаңы салыган асфальттарды көп жылга чейин сактап турууга аракет кылабыз», - деди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 629
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×