Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Жалал-Абад

Фото, видео - Кара-Көлдө шахматчы, тиш дарыгери А.Жетешиковдун элесине арналган шахмат боюнча республикалык ачык чемпионат өттү

Turmush -  Кара-Көл шаарында 7-8-июль күндөрү белгилүү шахматчы, тиш дарыгери Алмазбек Жетешиковдун жаркын элесине арналган шахмат боюнча республикалык ачык чемпионат өттү. Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чаранын ачылышына шаар мэри И.Еркеев, Кыргызстандын Шахмат федерациясынын президенти М.Турпанов жана шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Алмазбек Жетешиковдун атасы С.Жетешиков, бир тууганы Г.Жетешикова катышып, маркумду эскеришти.

Турнирди расмий түрдө М.Турпанов ачып: «Алмазбек Жетешиковдун жаркын элесине арналган республикалык ачык чемпионат Кара-Көл шаарында мындан ары салттуу түрдө өтүп турсун», - деп, Шахмат жаштар арасында популярдуу болсун деген максатта Жетешиковдордун үй-бүлөсүнө Шахмат федерациясынын атынан 10 комплект шахмат белекке тапшырды.

Бул ачык чемпионатка өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек шаарынан 70 оюнчу катышып, турнир жогорку деңгээлде, кызыктуу жана курч мүнөздө өттү. Башкы калыс Ислам Байсыновдун айтымында, турнир швейцариялык системада 9 турда өттү.

«Алмазбек Жетешиковдун жаркын элесине арналган ачык чемпионат быйыл үчүнчү жылы өтүүдө. Мурунку жылдарга салыштырмалуу быйыл республикалык деңгээлдеги ачык чемпионат болуп уюштурулду. Былтыр шаарлар аралык деңгээлде өтүп, мен да күбө болуп кеткем. Быйыл Шахмат федерациясы менен биргеликте жобо иштеп чыгып, республикалык деңгээлде өткөрүүнү чечкенбиз.

Алмазбек Жетешиков

Жетешиков

Алмаз Жетешиков өзү шахматчы болуп, мыкты дарыгер катары элге эмгек кылган. Ошондой эле, анын жалпы туугандары, үй-бүлөсү шахматка кызыгып, ойноп келет. Ошол себептен шахмат боюнча турнир уюштурулуп жатат.

Турнирге мыкты шахматчылар келип, курам боюнча Кыргызстанда биринчи лигада ойногон шахматчылар катышууда. Жалпы 5 спорт чебери, 15тен ашык спорт чеберине талапкерлер келишкен. Жалпысынан 7 облустан жана Бишкек шаарынан 70 шахматчы катышууда. Жаш курагына карап оюнчуларды үч топко: эркектер арасында, аялдар арасында жана 12 жашка чейинки балдар арасында болуп бөлүндү.

Мелдеш 25 мүнөттүк рапид системасы менен өттү жана шахматтардагы сааттар бүткүл дүйнөлүк олимпиаданын стандарттарына туура келет. Башкы калыс менен катчы дагы атайын окуудан өтүп келген. Оюн абдан кызыктуу, жогорку деңгээлде жана курч мүнөздө өттү», - деди ал.

Турнирдин жыйынтыгы

Мелдештердин жыйынтыгында эркектер арасында 1-орунду Талас облусунун намысын коргогон Исакжанов Келсинбек ээлеп, кубок менен сыйланды. Ал эми, 2-орунду Жалал-Абаддын атынан чыккан Асанов Тургунбай, 3-орунду Оштон келген Абидов Сабиржан ээледи.

Аялдар арасында 1-орунду Нарын облусунан келген Момуналиева Шаадат, 2-орунду Кара-Көлдүк Асанова Перизат, 3-орунду Кара-Көл шаарынан Оморова Халима алып кетти.

12 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында 1-орунду Талас облусунан келген Нурдинов Алихан, 2-орунду Оштон келген Акжолов Умар, 3-орунду Талас облусунан келген Субанова Айжан ээледи.

Бардык жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар, диплом, медалдар менен сыйланып, жалпы байге фонду 150 миң сомду түзгөн. Байге фондун каржылоо милдетин Жетешиковдордун үй -бүлөсү, бир туугандары алды. Ошондой эле, 8-июль күнү Жетешиковдордун үй-бүлөсүнүн колдоосу менен 160 жашоочу УЗИ аппаратынан акысыз текшерүүдөн өттү.

Жетешиков Алмазбек Султанович 1975-жылдын 7-июлунда Таш-Көмүр шаарында кызматчылардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1982-жылы Кара-Көл шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №1 орто мектебинде билим алууга алгачкы кадамын таштап, 1992-жылы Ч.Түлөбердиев атындагы №2 орто мектебин аяктаган.

Ал окуучу кезинде Кара-Көл шаарында шахмат боюнча өткөн мелдештерге катышып, шаар боюнча балдар арасында биринчиликтерге ээ болуп келген. Ошондой эле, облустук деңгээлдеги мелдештерге шаардын атынан катышып, намысын коргоп, шахматты жыйылтууга салым кошкон. 1992-1994-жылдар аралыгында Жалал-Абад шаарындагы медициналык окуу жайында билим алып, аны ийгиликтүү аяктоо менен тиш доктур кесибине ээ болгон.

Замандаштары А.Жетешиковду өтө жумшак, кичи пейил, боорукер мүнөзгө ээ, адамды капа кылбаган инсан катары эскеришет. Ошондой эле, ал өзүнүн кесибин мыкты билген, барган адамга аяр мамиле жасаган, ишмердүүлүгүндө шаардын көптөгөн тургундарына жардам көрсөткөн кесипкөй адам болгон. Улгайган ата-апаларга, Ооган согушунун катышуучуларына, майыптарга акысыз кызмат көрсөтүп, тиштерин дарылап, бекер көз айнек менен камсыздап турганын дагы унутушпайт.

Кыска өмүр сүргөн Жетешиков Алмазбек Султанович 2011-жылы 13-августта 36 жаш курагында жол транспорт кырсыгынан көз жумган. Анын артында үч кыз, бир уулу калды.

А.Жетешиков тирүү болгондо быйыл 42 жашка толмок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3244
Көп окулду
×