Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.07.2017 13:15 Жаңыланды: 08.07.2017 14:40 На русском

Фото — Мэр И.Еркеевдин жарым жылда 43 млн сом инвестиция келген Кара-Көл шаарын өнүктүрүү пландары

Turmush -  Жыл башынан бери Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаарына 43 млн сом инвестиция тартылып, жакынкы аралыкта келгени турат. Мындай аракеттер улана турганын айткан шаардын мэри Ильяз Еркеев Turmush басылмасынын кабарчысы менен келечек пландар, аткарылган иштер тууралуу маектешти.

- Сиз мэр болуп келгенден бери көп өзгөрүүлөр байкалганын шаардыктар айтып жатышат. Кара-Көлдү тыкан, таза шаарга айлантуу аракеттери көрүлүүдө. Маданият үйүнүн алды эс алуучу жайга айланып, көпчүлүк түнгө чейин эс алып жатышат. Ушул багыттагы иштер тууралуу айтып берсеңиз.

- Учурда «Энергетик» маданият үйүнүн алдын бардык шарттары бар эс алуучу жайга айлантууга аркет жасалып жатат. Бул имарат 1970-жылдардан тарта курулуп баштап, 1976-жылы 5-ноябрда имараттын ачылыш аземи болгон экен. Ал эми, 1987-жылы анын алдындагы оргума иштебей калып, акыры тонолуп кеткен. Аны эл билет. Буга чейин айланасы таштандыга толуп, бактары каралбай, чөп басып турчу. Ошол оргума менен анын жанындагы бассейнди кайра калыбына келтирүү үчүн дем берүү гранттан 3 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 1 млн 500 миң сом каралган. Учурда реконструкциялоо иштери аягына чыкканы турат. Заманбап түстүү оргума орноттук. Анын айланасына балдар аянтчасын, машыгуучу заманбап спорттук жабдыктар орнотулуп, балдар үчүн 3 чакан спорттук аянтча куруудабыз. Балдар аянтчасын жабдыктар менен жабдууга жергиликтүү бюджеттен 900 миң сом каралды. Оргуманын айланасы дагы жарыктандырылып, жайдын ысык аптабында шаардын эли менен меймандар түнгө чейин эс алып жатышат.

3

5

21

23
- Айрым үй-бүлөлөрдө жайкысын Ысык-Көлдө же чет өлкөгө чыгып эс алууга шарт жок. Шаардагы Комсомол көлүнүн айланасына жана эс алуу паркына эл үчүн бардык шарттар түзүлөт деп айтып жүрөсүз. Бул убадалар канчалык деңгээлде ишке ашууда?

- Шаардагы эс алуу паркын оңдоп-түзөө иштери былтыр башталып, учурда майда-чүйдө иштер жасалып жатат. Жашылдандырып, тазалоо иштери үч айлык ишембиликтин алкагында аткарылды. Мындан ары Комсомол көлүнүн жээгине кум себүү иштери жүрөт. Жаңы катамарандар алынып, паркка жаңы аттракциондор орнотулганы турат. Ошондой эле, толугу менен жарыктандыруу иштери жүрөт.

29

22

17

9

- Шаардын ички көчөлөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Жалпысынан канча чакырым жол оңдолууда?

- Жалпысынан 2 чакырымга жакын жол оңдолот. Учурда биринчи көтөрмөчү ишин аяктап, экинчи көтөрмөчү иштеп баштады. Шаардын ичиндеги көчөлөрдүн тар жерлери кеңейтилди. Мисалы, Ленин көчөсүндөгү К.Хуриевдин эстелигин ыңгайлуу болсун деп жолдун жээгине жылдырдык. Ушул күндөрү көчөдөгү аң-чуңкурларды оңдоо иштери жүрүп жатат.

19

31

26

- Кара-Көл шаарында жумушсуздук, турак жайга муктаждык, элди таза суу менен камсыздоо маселеси бар. Бул багыттагы көйгөлөрдү чечүү үчүн кандай пландарыңыз бар?

- 2018-2020-жылдары Жалал-Абад облусун өнүктүрүү программасына быйыл биздин шаар дагы кирди. Буюрса АРИСтен 3 млн сом бөлүнүп, ага жергиликтүү бюджеттен 800 миң сом кошуп, жүктөөчү экскаватор сатып алуу планын койдук. Мындан сырткары, шаардагы Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясы менен №2 Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин имараттарын 40 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөрөбүз.
Шаарга чакан ГЭС куруу боюнча 2008-жылы сметасы түзүлгөн долбоор бар болчу. Аны кайрадан жандандырып, жеке колдорго бербей, мамлекет өзү куруп иштетсин деген сунуш менен өнүгүү программасына киргизип жатабыз.

14

Ошондой эле, шаарга цемент заводун куруу боюнча керектүү документтер даярдалды. Жергиликтүү депутаттар да колдоо көрсөтүп, макулдугун беришкен. Учурда өкмөттүк деңгээлде трансформация болуп жатат. Колдоо тапса эле курулуш иштери башталат. Ал завод курулуп, ишке кирип калса жумушсуздук маселеси кыйла жеңилдейт. Мындан тышкары, шаарды өнүктүрүү программасына Ак-Кыя 1, Ак-Кыя 2, Төш-Мазар, Чоң-Таш, Жаз-Кечүү айылдарынын элин таза суу менен камсыздандыруу максатындагы 176 миң сомдук долбоор  камтылды. Бул долбоор 2018-жылдын башталышы менен ишке ашып баштайт деген үмүтүбүз бар.

6

Келечек пландарга мэриянын балансындагы «Кайыңды» эс алуу лагерин жайкысын балдар эс алып, кышкысын тоо лыжа база катары пайдалана тургандай реконструкциялоо планы да кирет. Муну ишке ашыруу үчүн инвестиция тартуу зарыл.

Ал эми, турак үйгө муктаж жарандардын көйгөйүн чечүү жаатында шаардагы 1-2 кабаттуу жыгач үйлөрдү заманбап шарттары бар көп кабаттуу үйлөргө айлантуу максаты бар. Ал долбоор ишке ашып калса, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, дарыгерлер, мугалимдер, жаш үй-бүлөлөр үйлүү болушат. Бул маселени да өнүгүү программасына киргизебиз.

Биздин шаарда орус диаспорасы 2004-жылы түзүлүп, бирок анын мүчөлөрү, башчылары чет жакка чыгып кеткенине байланыштуу ишмердүүлүгү токтоп калган. Ошол диаспоранын ишин жандантып, жаңы башчыларды, мүчөлөрдү шайлап жатабыз. Буйруса кыргыз-орус мамилесин чыңдоо максатында 17-августта 4 күндүк салтанаттуу жыйын өткөргөнү турабыз. Ага Россия федерациясынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчисин да чакырууну пландадык. Бул иш-чарага Кара-Көл шаарында өсүп, бирок учурда Россиянын жарандыгын алган кыргыз-орус атуулдарыбыз да катышат. Жыйындын негизги максаты — эки элдин достугун, ынтымагын чыңдоо.35

25

16

20

1810

Кара-Көл шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун башчысы Т.Эшалиеванын айтуусунда, шаар  башчы И.Еркеев мугалимдерди жана дарыгерлерди ар тараптан колдоого алып келет.

«Былтыр мугалимдердин кесиптик майрамында 600 мугалимге жеке каржылоосу менен белектерди тапшырып, салтанаттуу кече уюштурганы эсибизде. Ошондой эле, быйыл 6-июль күнү шаардагы ак халатчандардын кесиптик майрамына карата стимул болсун деген максатта 250 медайымга сыйлуу кече өткөрүп берди. Мэрдин колдоосуна дарыгерлер ыраазычылык билдиребиз. Анткени мындай көңүл буруу биздин тарыхыбызда биринчи ирет болуп жатканын айтып кетүү керек.

Бир нече жылдан бери бир имаратта иштеп жүрөбүз. Бирок, баарыбыздын башыбызды бириктирип, кесиптик майрамыбызда бирге белгилеген күн биринчи жолу болду. Биз өтө ыраазыбыз», - деди Т.Эшалиева.

Т.Эшалиева

36  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×