Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Майлуу-Суунун тургуну короосуна өстүрүлгөн кара куурайларды сугарып жүргөн жеринен кармалды

Turmush -  Майлуу-Суу шаарынын тургуну короосуна кара куурай өсүмдүгүн өстүргөнү аныкталды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, ШИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан ыкчам маалыматтар алынып, 27-июнда саат 13:00 чамасында А.Н. аттуу тургундун үйү текшерүүгө алынган.

«1954-жылы туулган тургундун Майлуу-Суу шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан дачасын текшерүү учурунда сарайдын ичинде целлофан баштыкка оролгон болжол менен 92,4 грамм марихуана жана короосундагы жүзүмдүн түбүнө темир чараларга өстүрүлгөн 20 түп, салмагы болжол менен 520,2 грамм болгон кара куурай өсүмдүгү калыстардын катышуусунда алынды. Текшерүү учурунда дачанын ээси мыйзамсыз өстүрүлгөн өсүмдүктөрдү сугарып жүргөн. Алынган заттарга атайын экспертиза дайындалып, шектүү жаран үй камагына чыгарылды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 786
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×