Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогул суу сактагычында эс алууга шарт түзүлдү (фото)

Turmush -  Токтогул суу сактагычынын жээгинде сууга түшүп, эс алуу үчүн жергиликтүү тургундарга шарт түзүлдү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жергиликтүү ишкерлердин айтымында, эс алуучулар үчүн катамаран жана сууга түшө турган баллондор алынып келип, тургундарга бир күн акысыз кызмат көрсөтүлдү.

«Эс алуучулардын саны күндөн күнгө көбөйүп жатат. Алар суунун терең жерине катамаран, баллон жана банан (суу үстүндө жүрүүчү үйлөтүлгөн каражат) менен бара алышат. Алардын коопсуздугун сактоо максатында желимделген жилеттерди алып келгенбиз. Бул жер шаардан бир аз алысыраак болгондуктан, жөө жүргүнчүлөр үчүн атайын маршруттук каттамды дагы уюштуралы деп пландап жатабыз. Көрсөтүлүп жаткан ар бир кызматтар үчүн жергиликтүү тургундардын шартына туура келе турган акыларды киргизебиз. Буюрса дагы кошумча шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», - дешти уюштуруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 556
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×