Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогулда күрөш боюнча өткөн мелдештин жеңүүчүлөрү байгеге кой алышты (фото)

Turmush -  Токтогул шаарында Айт майрамынын урматына улуттук күрөш боюнча мелдеш уюштурулду, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Мелдешке райондун айыл аймактарынан келген жаш спортчулар катышты. Спортчулар 3 категорияга бөлүнүп, күч сынашты. Жыйынтыгында баш байгеге мал-жандыктардан кой берилди.

Спорттук иш-чара жергиликтүү тургун Эльмар Абдуллаевдин демөөрчүлүгү менен өткөрүлдү.

Анын айтымында, буга чейин Өзгөрүш айылында дагы жеке ишкерлер тарабынан жыл сайын Айт майрамдарында спорттук иш-чаралар уюштурулуп келген. Бул жолу райондук деңгээлде өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 900
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×