Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Базар-Коргондо бир нече айылды сел каптады (фото)

Turmush -  Бүгүн, 28-июнда саат 06:00 чамасында Базар-Коргон районунун бир нече айылдарын сел каптады.

Маалым болгондой, Кеңеш айыл аймагынын Кызыл-Октябрь, Сейит-Казы, Кызыл, Коткор айылдарында жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттон сел суулары агып, 24 турак үйдүн короолорун жана айыл чарба жерлерин каптаган. Учурда райондук жарандык коргоону комиссиясы жабыркаган үйлөрдү тактап жатат.

Ошондой эле, Талдуу-Булак айыл аймагына караштуу Базар-Коргон–Арстанбап унаа жолунун Кекилик тилкесиндеги коктудан шагыл аралаш сел суулары агып, жолду жаап калуу коркунучу пайда болгон. Учурда №50 жол тейлөө ишканасынан техникалар тартылып, жол тазаланып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2213
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×