При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Видео, фото — Ноокенде 6 жашар кызын сактоо үчүн жарым саат кутурган карышкыр менен алышкан Майрамбек аман калды

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айыл аймагынын тургуну Майрамбек Назаралиев жайлоодо кутурган карышкыр менен кармашып, аман калды. Бул тууралуу Майлуу-Суу шаарына караштуу Абдый жайлоосуна чыккан малчылар билдиришти.

Жарым саат карышкыр менен алышкан Майрамбек Назаралиев менен байланышканыбызда, ал кызын сактоо үчүн карышкырга каршы жүгүргөнүн айтып берди.

«15-июнь күнү саат 17:00 чамасында чатыр тараптан кошунанын үйүн көздөй бараткам. Артымдан алты жаштагы кызым ээрчип алган экен. Ошол маалда артымдан 500 метр алыста карышкыр келе жатканын байкап калып, кызымды сүйрөп качтым. Карышкыр бизди кубалап, заматта 300 метрдей жакын аралыкка келип калыптыр. Кызымды чөпкө жашынта калып, өзүм карышкырды көздөй 200 метрдей жүгүрүп бардым. Антпесем карышкыр кызыма кол салышы мүмкүн эле. Колумда эч нерсе жок болчу. Карышкыр кийимден тиштеп, 3-4 жолу жерге чаап, тамакка асылып жатты. Төртүнчү жолу жерге чаап, дагы тамакка асылып тиштегенге аракет кылганда мойнунан муунтуп, алышып жатып акыры жеңдим. Мен өлтүргөн карышкыр карышкырлардын жол башчысы экен», - дейт Майрамбек.

Анын айтымында, карышкырды өлтүргөндөн кийин бир тууган иниси келген. Бул кабар жайлоого бат эле тарап: «Жөн карышкыр адамга кол салбайт, кутурган карышкырлар гана адамга асылат. Текшертүү керек», - деп кеңеш беришкен. Эртеси Ноокенде ветеринардык лабораторияга башын текшерткенде ал кутурган карышкыр болуп чыккан.

Учурда ал үй-бүлөсү менен бирге кутурма оорусуна каршы эмдөөдөн өтүүдө. Бул үй-бүлө алгач Ноокен районундагы Бүргөндү аймактык ооруканасынан эмдөөдөн өтүп, кийин Майлуу-Суу шаарына которулган.

Майлуу-Суу шаардык жалпы дарыгерлик практикалык борбордун жетекчиси Сабырбек Кенжебаевдин айтымында, учурда карышкыр тирүү мезгилинде жана аны союп, көмгөн учурда жанында болгон жалпы 13 адам кутурмага каршы эмдөөдөн өтүп жатышат. Алар алты ай дарыланышат.

«Жалпы 6 адам дарыланууда. Ошондой эле, карышкыр өлгөндөн кийин аны союп, көмүүгө катышкан адамдар да дарыланып жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 31150
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
oma_82
18:14, 28 июня 2017
«Карышкыр тирүү учурунда эки адам кармашкан, ? Значит он не убил ему помогли?!
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу