Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.06.2017 14:28

Жалал-Абадда «Биз баңгиликке каршыбыз» урааны менен футбол мелдеши өтүп жатат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 28-июнда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы Баңгиликке каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата «Биз баңгиликке каршыбыз» урааны менен спорттук иш-чара өткөрүп жатат.

ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш-чарага Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын башчысы Саламат Талипов, ОИИБдин башчысынын орун басарлары жана машыктыруучулар, окуучулар катышууда.

«Бул спорттук иш-чаранын негизги максаты - жаштарды баңгизаттан алыс болууга үндөө, жакшы иштерди жасоону үйрөтүү, жаштарды сергек жашоо образына үндөө болуп саналат. Бүгүнкү иш-чарада футбол боюнча мелдеш өткөрүлүп, ага жалпы 10 команда катышып жатат. Соңунда жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, дипломдор жана кубок тапшырылат», - деп айтылат маалыматта.

Баңгиликке каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү 1987-жылдын декабрь айында БУУнун Башкы ассамблеясында кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×