Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

«Жеңеке»: Айтолкун жеңе жолдошу менен бир жолу эле көрүшүп, эртеси баш кошушкан (фото)

Turmush -  Токтогулдук 22 жаштагы Зыпарбек кызы Айтолкун жолдошу экөө бир көрүшкөндөн кийин эле баш кошушкан. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Анын айтымында, Токтогул районунун Кара-Жыгач айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча мугалим.

«Жолдошум менен 2016-жылы ата-энебиз аркылуу таанышканбыз. Жолдошум экөөбүз ошол күндүн эртеси эле баш кошконбуз. Токтогул районунун Көтөрмө айылындагы 1985-жылы туулган Адылов Султанбекке кычыраган кышта турмушка чыктым. Султанбек үй-бүлөдө 7 бир туугандын төртүнчүсү болгондуктан кайын энемдин төртүнчү келини болуп бардым. Жолдошум менден 10 жашка улуу. Ал токтоолугу менен айырмаланып турат», - деди ал.

Каарманыбыз жаңы келин болуп барганда тамак бышырып жатып, кайын журтунан сүрдөгөнүн кошумчалады.

«Жаңы келин барына кызык болот эмеспи. Мен тамак жасап баштасам бардыгы жанымда карап турушат. Кайын энемден сүрдөгөнүмдөн казанга этти эмес, пиязды кантип салып жибергенимди өзүм да билбей калгам», - деди ал.

Айтолкун жеңе учурда айылдагы Кубат Чокоев атындагы орто мектепте мугалим болуп эмгектенүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1055
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×