Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-абаддык жөө күлүк Г.Сатарова Азия чемпионатына катышууга лицензия алды

Turmush -  Кыргызстан үчүн чоң ийгиликтерди жаратып келе жаткан жалал-абаддык жөө күлүк Гүлшанай Сатарова дагы бир жеңиштин ээси болду. Бул тууралуу анын машыктыруучусу, СССР спортунун чебери Абдулла Төрөканов кабарлады.

Анын айтымында, жакында Казакстандын Алмата шаарында жеңил атлетика боюнча олимпиадалык оюндардын чемпиону Гасановдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирде биринчи орунду багындырды. Ал дүйнөнүн 14 мамлекетинен келген күлүктөр менен 1500 метр аралыкка жарышка чыгып, бардык атаандаштарын артка калтырып, алтын медаль тагынды.

«Гүлшанай Сатарова ушул жеңиши менен быйылкы жылдын 6-июлунда Индияда өтө турган Азиянын чемпионатына катышууга лицензия алды», - деди А.Төрөканов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 685
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×