Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогулда жүк ташуучу унаа көпүрөдөн кулап кетти

Turmush -  Бишкек–Ош унаа жолунун Токтогул районундагы 210-чакырымындагы көпүрөдөн жүк ташуучу унаа сууга кулап кетти. ӨКМдин маалыматы боючна, ал унаанын ичинде айдоочу жана 2 жүргүнчү болгон.

«Кечээ, 27-июнда саат 02:00 чамасында Бишкек–Ош жолунун 210-чакырымында «Мерседес» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 06 KG 380 ААН) унаа көпүрөдөн сууга түшүп кеткен. Жүргүнчүлөрдүн бири — 1986-жылы туулан Н.М.нын оң колу менен оң буту унаага кыпчылып калып сынган. Жабырлануучуларга ӨКМдин №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жардам көрсөтүп, тез жардамдын дарыгерлери алып кетишти», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 727
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×