При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Токтогулда балык кармаган 7 кайык жана 2500 метр тор өрттөлдү

Turmush -  Нарын дарыясынын Токтогул суу сактагындагы куймаларынан табылган 7 кайык жана 2500 метр тор өрттөлүп, жок кылынды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган каражаттар атайын рейддин жүрүшүндө жок кылынды. Балык уулоо менен алектенген адамдарга мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди. Экинчи жолу мыйзамсыз балык улоо менен кармалса, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлө турганы айтылды.

Мыйзамсыз кармалган бир балыкка түрүнө жараша эң азы 303 сом, эң көбү 3030 сом айып төлөнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 446
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:29,   17.08.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу