Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Жалал-Абад

Ала-Буканын Ак-Шаар айылында 37,6 млн сомго мектеп курулуп жатат

Turmush -  Ала-Бука районунун Ак-Шаар айылында 1 жылдан бери курулушу токтоп турган мектептин курулуш иштери башталды.

1-Май айылдык кеңешинин депутаты Осмон Базарбаев билдиргендей, комиссия текшергенден кийин курулуш улантылып жатат. «Өткөн жылы курулушу токтоп калган мектеп салына баштады. Комиссия келип текшерип кетти. Быйылкы жылы пайдаланууга берилиши мүмкүн», - деди ал.

Ак-Шаар айылындагы 150 орундуу мектептин курулушу өткөн жылы башталып, август айында каражат которулбаганына байланыштуу токтоп калган. Мектепти курууга мамлекеттен 37 млн 600 миң сом сарпталат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1377
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×