Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Жалал-Абад

Бахадыр Маткеримов Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Turmush -  Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин жаңы төрагасы менен анын эки орун басарынын аты-жөнү белгилүү болду. Жергиликтүү депутаттардын бири билдиргендей, шаардык кеңешке шайланган 21 депутатка аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан күбөлүктөр да тапшырылган.

Белгилүү болгондой, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагалыгына эки адам — Бахадыр Маткеримов жана Аксубай Укембаев сунушталган. Бирок, Укембаев Аксубай элдин ынтымак, биримдиги, шаардын өнүп-өсүшү үчүн өз каалоосу менен төрагалыкка болгон талапкерликтен баш тартып, Маткеримов Бахадыр мырзага ийгилик каалады.

Шайлоо жашыруун добуш берүү тартиби менен өтүп, жыйынтыгында депутаттар бир добуштан Б.Маткеримовду Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин төрагалыгына шайлашты. Ал эми анын орун басарлары болуп Маматкулов Акылбек жана Мамайкулов Алтынбек шайланды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1525
Көп окулду
×