Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ала-Букада орозо айында кайрымдуулук акциясы уюштурулууда (фото)

Turmush -  Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан орозо айынын алкагында кайрымдуулук иш-чарасы башталды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чаранын жүрүшүндө тоголок жетим балдарга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардамдар көрсөтүлүп, азык-түлүктөр берилди. Ошондой эле, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө ар дайым көмөк көрсөтүп, камкордукка алууну аким жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырды.

Кайрымдуулук иш-чарасы орозо айында райондун аймактарында уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 857
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×