
Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Элдияр Бабакановдун айтымында, былтыр жол оңдоо иштери аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу быйылкы жылга калтырылган.
«Былтыр жергиликтүү бюджет кеч кабыл алынгандыктан жолду оңдоп-түзөө иштери кеч күзгө туура келди. Асфальт төшөө иштери суукта сапатсыз жасалып калбашы үчүн быйылкы жылга которулган. Ал эми июнь айынан баштап шаардын Пойма бөлүгүнөн Серый көчөсүн жана Жетинчи аянтчадан 4 көчөнү оңдоп баштаганбыз. Жалпы 198 чарчы метр жер оңдоодон өтөт, ал эми 5541 чарчы метр жер асфальтталат. Жергиликтүү бюджеттен жол оңдоо иштерине 3 млн 998 миң сом каралган», - деди ал.