При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Жалал-Абад шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлүп, 2 партия оппозицияда калды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаардык кеңештин 8-чакырылыштагы депутаттары «Жаңы багыт» көпчүлүк коалициясын түзүштү. Анын курамына КСДП, «Республика», «Кыргызстан», «Мекеним-Кыргызстан» фракциясынын депутаттары кирди. Бул тууралуу аталган төрт фракциянын өкүлдөрү бүгүн, 19-июнда маалымат жыйында билдиришти.

КСДП партиясынын депутаты Абдилбает Мамасадыковдун айтымында, жаңы коалицияга 18 депутат кирди.

«Элдин, шаардын кызыкчылыгын ойлоп, шаардагы көйгөйлүү маселелерди чечүүдө жана шаардык кеңештин төрагасын, шаар башчысын шайлоодо, бюджетти бекитүүдө бирдиктүү иш алып барууга башка фракцияларды чакырабыз. Азырынча коалициянын төрагасы шайлана элек, дагы сүйлөшүү жүрүп жатат», - деди А.Мамасадыков.

Маалымат жыйын өткөргөн фракциялардын өкүлдөрү шаардын кызыкчылыгы үчүн иштей турганын айтышууда. Ошондой эле, көпчүлүк коалиция шаар мэрлигине С.Авазовдун талапкерлигин колдоп жатышканын да белгилешти.

Буга чейин маалымдалгандай, 12-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинин 7-чакырылышынын биринчи сессиясы өтүп, анда «Биримдик» коалициясы түзүлгөнү жарыяланган. Анын курамына «Өнүгүү-Прогресс», «Республика — Ата Журт», «Ата Журт» партиялары кирип, КСДП жана «Кыргызстан» партиясы оппозицияда калган.

«Биримдик» коалициясынын лидери болуп «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Майрамбек Адылбеков шайланган. Анын талапкерлигин коалициянын курамына кирген партиялардын депутаттары жактырышкан эле. Кийинчерээк белгилүү болгондой, 27-январда коалициядан «Республика — Ата Журт» фракциясы чыгып, «Биримдик» көпчүлүк коалициясы тараган. Андан соң, шаардык кеңеште жаңы «Ынтымак» коалициясы түзүлгөн. Анын курамына КСДП, «Кыргызстан» жана «Республика — Ата Журт» фракциялары кирген. Коалициянын лидери болуп Сайдилла Чимбердиев шайланган.

Андан соң, Жалал-Абад шаардык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары 30-мартта мөөнөтүнөн мурда тарап кетүү чечимин кабыл алышкан. Тарап кетүүнү «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Журт» партияларынын депутаттары сунушташкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 995
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу