Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Жалал-Абад

Базар-Коргондун Кеңеш айыл аймагында майып балдарга оюн-зооктор уюштурулду (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын маданият үйүндө мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын катышуусунда «Оюн күнү» иш-чарасы өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы. Иш-чаранын алкагында «Жаңырык желеси» коомдук фонду тарабынан оюн-зоок жана сый тамак уюштурулду.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага аталган коомдук фонддун Оштогу өкүлдөрү катышып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укуктары, ата-энелеринин укуктары тууралуу айтып, алардын кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Мындан сырткары, демилгечилер тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга оюнчуктар, таттуулар, балмуздактар таратылды. Уюштуруу иштерине райондук администрациянын өкүлдөрү көмөктөшкөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1454
Көп окулду
×