При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Ала-букалык Ш.Хамракулов бир сезондо 300-400 тандыр жасап сатат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын 35 жаштагы тургуну Шухродбек Хамракулов 10 жылдан бери тандыр жасап сатуу менен киреше таап келет.

Ал тандыр жасоону тажрыйбалуу усталардан үйрөнгөнүн аймактык кабарчыга айтып берди.

«Тандыр жасоо иши күн жакшы ысып турганда башталат. Анткени, жасалган тандырлар күнгө жакшы кургаш керек. Тандыр жасоо үчүн алгач жакшы чопо тандоо зарыл. Биз жасалган тандырга төрт түрлүү топурак: кызыл чопо, боз чопо, ак жана кара топурак аралаштырылып жасайбыз. Тандыр жасоо үчүн жасалган чопонун аралашмасын алгач 3-4 күн ачытып, жакшылап жуурулат. Аны формага келтирип, атайын жыгачтан жасалган тактайча менен ичи-сыртын ургулап, бир калыпка келтиребиз. Бир сезондо 300-400 даана тандыр жасап алып, аларды кышы менен сатып чыгабыз. Тандырлар көлөмүнө жараша 1000 сомдон 1500 сомго чейин сатылат. Айрымдар атайлап буйрутма беришет. Наабайчылар, самсачылар үчүн атайын башкача формада жасалат. Кардарлар үйгө чейин келип алып кетишет, айрым учурда айылдарды кыдырып, өзүбүз сатып чыгабыз», - дейт ал.

Ш.Хамракулов айыл жергесинде тандырга болгон суроо-талап жогору экенин белгиледи.

«Тандыр курууда өзүнүн эрежелери сакталуусу зарыл. Антпесе, курулган тандырлар нан жабууда отунду көп керектеп калат. Жакшы курулган тандырларды отунду аз сарптаганы менен айырмаласа болот», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 368
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×